Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда өлкөгө расмий сапар менен келген Словениянын тышкы иштер министри Таня Файонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары, атап айтканда, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Словениянын тышкы иштер министринин Борбор Азия жана Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү демилгесин кыргыз тарап жогору бааларын жана словениялык өнөктөштөр менен ар дайым кызматташууга ачык жана даяр экендигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров мамлекеттин башкы стратегиялык максаттардын бири болуп саналган - Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климатка көңүлдү бурду. Өлкөдөгү инвестициянын эң артыкчылыктуу багыттары катары гидроэнергетика, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарбасы, IT-индустриясы жана туризмди атады.
Өз кезегинде Таня Файон кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга жасаган өзүнүн алгачкы расмий сапары абдан мазмундуу жана жемиштүү болгонун белгиледи. Ал Словения Кыргызстан менен кеңири чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле саясий жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча үч меморандумга кол коюлду, ошондой эле тараптар Борбор Азия менен бүтүндөй Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү биргелешип чыңдоого макулдашты.