
"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому жоюлат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине холдингди жоюу жана бул боюнча комиссия түзүү тапшырылган. Комиссия тиешелүү иштерди эки ай аралыгында карап чыгууга тийиш.
Маалыматта министрлер кабинетинин өткөн жылдын август айындагы тескемеси менен "Кумтөр голд компани" ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу токтотулганы кошумчаланган.