Түркияда Кыргызстандын куткаруучулары урандылардын астынан тирүү адамды чыгарышты (видео)

Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн барган Кыргызстандын куткаруучулары урандылардын астынан тирүү адамды чыгарышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан Кахраманмараш шаарындагы имараттын урандыларынын алдынан тирүү адамды таап чыгарышкан. Мекеме кошумча маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин Кыргызстандан барган куткаруучулар жалпы 48 жарандын жансыз денесин чыгарышкандыгы маалымдалган.

Белгилей кетсек, 7-февралга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн учуп кетишкен. Жекшемби күнү дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө.

Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан