Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дагы 100 куткаруучусу барат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Анын айтымында, жардамга сертификаты бар адистер жөнөтүлөт.
"Ал жерге аттестациядан өткөн куткаруучулар гана бара алат. Бүгүнкү күндө 67 куткаруучу боордош Түркия өлкөсүндө үч күндөн бери иш алып барууда. Жекшемби күнү дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө", - деди ал.
Белгилей кетсек, 7-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн учуп кетишкен.