ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абадда мөөнөтү жазылбаган айран сатышат"

Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи районунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Анда жергиликтүү тургун калаадагы супер маркеттердин биринде мөөнөтү жазылбаган айран сатылып жатканына кейиди.

"Капуста" маркетинен айран алгам. Түбү сүт экен. Иче албай таштандыга ыргыттым. Мөөнөтү да жазылган эмес. Бала эмизем. Мага окшогондор дагы ал жерден көп алышат. Ден соолук баарынан жогору турат. Бирөө-жарым текшереби?" деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Мөөнөтү жазылбаган айран сатып сатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Баткен
2023-02-14 09:22:00
Кичине баштык тигип, куйуп койсоң сүзмө болуп калмак. Ысырап кылып, таштандыга ыргытпай эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан