
Түркиядагы катуу жер титирөөдөн 11 күн өткөндөн кийин урандылардын астынан аман калган дагы эки киши чыгарылды. Бул тууралуу TRT
Haber телеканалы кабарлады.
Маалымдалгандай, алар урандылардын астында 261 саат болушкан. Куткарылган жарандар Хатайдын Антакья районунда 26 жаштагы Мехмет Али Шакироглу менен 34 жаштагы Мустафа Авжы экени айтылды.
Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.
Түркияда 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр орун алган. Кырсык өлкөнүн 10 провинциясында жана коңшу мамлекеттерде сезилген.
Өлкөдө каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 38 миңден ашты.