Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзамсыз курулган объекттерди бузуу иштерин жүргүзүүдө.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, 77 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 7 миң 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
"19-23-октябрь күндөрү Бишкек шаарында 44 жеңил типтеги объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Ошондой эле жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 1 миллион 992 миң сомду түзгөн 52 протокол түзүлдү. Тиешелүү уруксат кагаздары жок, имараттарды курууга жана жер тилкелердин чегин мыйзамсыз кеңейтүүгө тыюу салынат", - деп белгиленди маалыматта.