Түркиядагы зилзала: Каза болгондордун саны 40 миңге чамалады

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672ге жетти. Бул тууралуу ички иштер министри Сулейман Сойлу CNN Türk телеканалынын эфиринде билдиргенин Anadolu агенттиги жазды.

Сойлунун айтымында, кырсыктан улам ураган 20 миңден ашуун имараттын ордунда издөө-куткаруу иштери жүргүзүлдү. Ал кошумчалагандай, көпчүлүк аймактарда адамдарды куткаруу операциясы аяктады.

Маалыматта 16-февралда Түркиянын түштүгүндө күчү 5,1 баллга жеткен жаңы жер титирөө орун алып, очогу Жер Ортолук деңизинин 10 чакырымдай тереңдигинде болгону айтылды.

Эскерте кетсек, 6-февралдаТүркияда акыркы 100 жылдагы эң кыйраткыч күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан кийин Жакынкы Чыгыштагы коңшу өлкөлөрдө да сезилген ушундай эле магнитудадагы дагы бир жер титирөө болгон. Жер титирөөдөн улам 211 миң имарат кыйрап, көбү авариялык абалга келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан