Москва шаарынын түштүк-чыгышындагы кафелердин биринде 15 адамдын катышуусунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу "РЕН ТВ" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, мушташ 19-февралга караган түнү Люблинская көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде болгон. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери кафеде Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандарынын ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал массалык мушташка чейин жеткенин аныкташкан.
Мушташтын катышуучулары кафеден чыгып, жаңжалды көчөдө улантышкан. Полиция бул боюнча 15 адамды кармады.
Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.