Түркияда каза болгон ганалык футболчу жер титирөөгө бир нече саат калганда учуп кетиши керек болчу

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон ганалык футболчу Кристиан Атсу жаратылыш кырсыгына аз калганда өлкөдөн чыгып кетиши керек болчу, бирок ал учууга бир нече саат калганда ал оюнан кайткан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, ал 5-февраль күнү кечинде жер титирөөгө бир нече саат калганда Түркиядан учуп кетиши керек болчу. Бирок ал ойлонуп, учуудан баш тарткан.

"Ал "Газиантеп" клубуна каршы ойногон жок, бирок 5-февралда "Касымпашиге" каршы оюнда талаага чыгып, акыркы мүнөттөрдө айып соккусунан жеңиш голун киргизди. Чынында ал ошол күнү үй-бүлөсүн көрүү үчүн учуп кетмек, ал тургай учакка билетти дагы алган. Бирок жеңиш голун киргизгенден кийин ал учууну кийинкиге калтырган. Ал кечки саат 23:00дө кетиши керек болчу, силкинүүлөр эртеси таңкы төрттө башталды", - деген “Хатайспор” клубунун менеджерлеринин бири.

Кристиан Атсунун жансыз денеси 18-февраль күнү урандылардын алдынан табылган.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан