Бишкек шаарынын Октябрь районунда рейд учурунда кайыр сураган жашы жете элек 7 бала аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь акимчилигинин кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана МАБнын адистери тарабынан кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.
Мечиттерди текшерүүнүн натыйжасында 7 баланын аты-жөнү аныкталып, 5 бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, муниципалдык администрация тарабынан мындай текшерүүлөр дайыма жүргүзүлүүдө.