Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 20-февралга карата 8 миллиард 433 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалым болгондой, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 146 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 600 куб метрге жетүүдө.