Мектеп директорлорун тандоо: Сынак өткөрүү күндөрү белгиленди

Өлкөдөгү мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүү күндөрү белгилүү болду. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Тестирлөө төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт:

Бишкек шаары

  • 28-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 4
  • Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

Ош облусу

  • 28-февралда Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 83
  • Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75тен талапкер катышат.

Чүй облусу

  • 28-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 43
  • Тестирлөө эки нөөмөттө өтөт.

Талас облусу

  • 1-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 6
  • Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

Ысык-Көл облусу

  • 1-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 11
  • Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

Нарын облусу

  • 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 9
  • Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

Жалал-Абад облусу

  • 1-мартта Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 83
  • Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75тен талапкер катышат.

Баткен облусу

  • 2-мартта Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 36
  • Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 70 талапкер катышат.

Ош шаары

  • 2-мартта Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
  • Ваканттык орундардын саны – 1
  • Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 8 талапкер катышат.

Тестирлөөнүн башталышы: 1-нөөмөт 9:30, 2-нөөмөт 12:30, Апелляциянын башталышы: 16:30

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-февралында Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
make2
2023-02-20 20:46:00
Номер 31- гимназиянын директору алмашкан деле жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан