Качкын президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, дароо камалат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-февралда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы ырастады.
Башкы көзөмөл органдан билдиришкендей, качкын президент соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими менен 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга жана башка эпизоддорго байланыштуу 30 жылга эркинен ажыратылган.
Өткөн жылы август айында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Беларустун Жогорку Соту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартканын билдирген.
Андагы маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо боюнча төрт өтүнүч жөнөткөн. Бирок Беларусь Республикасынын Жогорку Соту арызды канааттандыруудан баш тартып, ага анын соттолушу "саясий куугунтукка" байланыштуу болгондугу себеп экендигин билдирген.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан.
Мамлекет башчысынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынды.
Бул боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын билдирди. Ал мамлекет башчысы мурдагы президенттердин кайсы бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтпагандыгын белгилеген.