Ошто "Мен кыргыздын жараны" урааны алдында жөө жүрүш өттү (фото)

Ош шаарында ар улуттун өкүлдөрү "Мен кыргыздын жараны" урааны алдында жөө жүрүш жасашты . Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-февраль күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчада Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш-чаралардын алкагында "Мен кыргыздын жараны" деген ураан алдында "Эне тилим - менин дилим" акциясы өттү.

Акциянын алкагында шаар жаштары, ар улуттун өкүлдөрү жөө жүрүш жасашты. Ошондой эле шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун 30-сессиясында белгиленген. 2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында 21-февралда белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан