Бишкекте эл аралык тил күнүнө карата фестиваль өттү (сүрөт)

Бишкекте "Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили" аталышында фестиваль өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, фестиваль "21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө" карата Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында өттү.

Анда «Эл аралык эне тил күнү» деп жарыяланып калгандыгы тууралуу, ошондой эле бул күн 2000-жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар бир улуттун тилин сактоо жана коргоо максатында эне тил күнү катары майрамдалып келе жаткандыгы айтылды.

Шаардык фестивалга борбор калаада жашаган 9 этностун (кыргыз, орус, өзбек, дунган, уйгур, казак, татар, азербайжан, карачай) өкүлдөрү катышты. Алар өз улуту жөнүндө эне тилинде маалыматтарды айтышты. Мындан тышкары ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусундагы майрамдык концерт коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан