ӨКМ: "Ала-Белде 286 миң метр кубдай кар көчкү түшүрүлдү"

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Акыркы маалыматтарга ылайык, саат 15:10дон 16:00гө чейин жолдун 222-чакырымындагы Ала-Бел тилкесинде кар көчкүсүн атып түшүрүүдө жалпы 12 снаряд атылып, 286 210 метр куб кар көчкүсү түшүрүлгөн.

"Иш-чарага Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби тартылды. Атайын топ Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан Итагар станциясында түнөккө калышат. Кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү 21-февраль күнү улантылмакчы", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан