Берлинде кыргыз диаспора өкүлдөрүнүн арасында футбол мелдеши өттү (фото)

Берлинде кыргыз диаспора өкүлдөрүнүн арасында биринчи жолу "Ынтымак" футболдук турнири өттү. Мелдеш 18-февралда өтүп, анда жалпы 11 команда ат салышкан.

ТИМ берген маалыматка караганда, турнирге Германиядагы жана Чехиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышты.

"Элчи Өмүрбек Текебаев жаштарга кайрылуусунда Германиядагы жана Европадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымактын мындан ары дагы бекемделишинин маанилүү экендигин белгилеген" деп жазылат маалыматта.

Футболдук мелдештин жүрүшүндө конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашы сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан