Жалал-Абад шаарын жашылдандыруу үчүн 8 скважина ишке киргизилет

Жалал-Абад шаарын жашылдандыруу үчүн 8 скважина ишке киргизилет. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен ирригация тутумун талкуулап жатып билдирди.

Ал белгилегендей, жыл сайын сугат суунун жоктугунан шаарга тигилген көчөттөрдүн, гүлдөрдүн бир бөлүгү куурап калат.

"Алдыда бак-дарактарды, гүлдөрдү сугат суу менен сугаруу үчүн 8 скважина ишке киргизилет. Учурда шаардагы 3 скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатса, дагы 5 жайга жаңы скважина курулат", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан