Министрлик: "Дыйкандарга күйүүчү май 65 сомдон сатыла баштады"

Республика боюнча жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 42,1 миң тонна күйүүчү май керектелет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, нефтебазаларда жана май куючу жайларда 25 миң тонна дизелдик отун, 20 миң тонна бензин бар.

"Мамлекеттик материалдык резервдер фонду май куюучу компаниялардын бири менен дизелдик отун сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Анын негизинде райондорго квота бөлүштүрүлгөн. Жазгы талаа жумуштарына 3 миллион литр дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады" деп жазылат маалыматта.

Министрлик күйүүчү май алуу үчүн жергиликтүү айыл өкмөттөргө кайрылууну эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Blueaffair
2023-02-21 01:03:00
Кайсы жакта бериле баштаптыр ¿
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан