Түркиянын Хатай аэропортунда Кыргызстандан барган ӨКМнын куткаруучуларын кол чабуулар менен узатышты. Бул тууралуу видео социалдык тармакта тарады.
Белгилей кетсек, кыргыз куткаруучулары отурган учак 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:30да жана эртең менен 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конот.
Эске салсак, Түркияга Кыргызстандан куткаруучулардын алгачкы тобу 7-февраль күнү жөнөп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз куткаруучулары урандылардын алдынан 12 жаранды тирүү алып чыгышкан.