Түркияга кеткен кыргыз куткаруучулары Бишкекке келишти (фото)

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн кеткен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бишкекке келишти.

“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды ӨКМ министри Бообек Ажикеев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМнын өздүк курамы тосуп алды.
Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин баалап өттү.
Өз кезегинде элчи мырза Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан