ИИМ кызматкерлери мектеп окуучуларына "Менин мекеним Кыргызстан" аталышындагы кичи мелдеш уюштурду (фото)

Бишкекте Ички иштер министрлиги мектеп окуучуларына кичи футбол мелдешин уюштурушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-февралда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун өздүк курамы жана Биринчи Май РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан 23-февраль - “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө карата футбол боюнча атайын мелдеш уюштурулду.

Мелдешке Бишкек шаарынын 19 орто мектебинин 9-классынын окуучулары катышты. Бул иш-чара балдардын мекенге болгон патриоттук сезимин арттыруу максатында уюштурулган.

Мелдештин жыйынтыгы менен биринчи, экинчи орунду алган командалар аныкталып, алар Кубок жана грамоталар менен сыйланып, катышуучуларга белектер тапшырылды.

Мектеп окуучулары менен өткөрүлгөн иш-чара сүрөткө түшүү жана чай ичүү менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан