Түркиядагы жаңы жер титирөө: Хатайга Bayraktar жөнөтүлдү

Түркиянын Хатай провинциясындагы жаңы жер титирөөдөн кийин аталган аймакка издөө-куткаруу жана зыянды баалоо үчүн Bayraktar ​​TB2 учкучсуз учуучу аппараты жөнөтүлдү. Бул тууралуу Anadolu басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Bayraktar ​​TB2 аппараты аймактын калктуу конуштарынын үстүнөн учуп, түз эфирде сүрөттөрдү Анкарадагы Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборуна жөнөтүп турат.

Муну менен кадрларды карап жаткан бөлүмдөр аймактагы топторду жетектеп, издөө, куткаруу жана зыянды баалоо аракеттерине колдоо көрсөтүшүүдө.

Кечээ, 20-февралда Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында эки ирет катуу жер силкинген. Акыркы маалыматтар боюнча бул жер титирөөдөн кеминде үч адам каза болуп, 200дөн ашык адам жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан