Социалдык тармактардын колдонуучулары дүйшөмбү күнү кечинде Түркиянын Хатай провинциясында болгон жаңы жер титирөөнүн алдында асманда көк жарык болгонун айтышып, видеолорду жүктөшүүдө.
Видеодо көк түстөгү жаркыроону, андан кийин жер титирөө болгонун көрүүгө болот. Бул көрүнүштү Сириянын Латакия аймагынын жана Түркиянын Хатай провинциясынын жашоочулары байкашкан.
Өз кезегинде Дамаск университетинин жогорку сейсмикалык изилдөө институтунун директору Хала Хасан бул көк жарык үчүн эч кандай түшүндүрмө жок экенин, бирок жер титирөөдөн мурун атмосферанын электр жана магнит талаасында өзгөрүү болорун билдирген.
Кечээ, 20-февралда Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында эки ирет катуу жер силкинген. Акыркы маалыматтар боюнча бул жер титирөөдөн кеминде 6 адам каза болуп, 300дөн ашык адам жаракат алды.