Садыр Жапаров Атамбаев менен Жээнбеков Бишкекте элдешкенин билдирди

Экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жолугушуп, элдешкен. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте, ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коёт эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти", - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан.

Мамлекет башчысынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Омурзак
2023-02-21 14:38:00
Бул кишилерди баарын алып келип иштетиш керек Кыргызстан учун чын дилинен иштеп беришсе Кыргызстан бат эле онугот деп ойлойм
0
make2
2023-02-22 00:29:00
Омурзак бул кишилер алды эки уч срок иштеп, уй булосу менен мамлекетти соруп эл кууп чыккан, анан кантип ушул созду жаздын?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан