Садыр Жапаров: "Бакиев келсе камакта отурушу керек"

Качкын президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камакта отурушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет.

Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан