"Менден кийин Акаев сүйлөдү". Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууда эмне тууралуу сөз болгонун айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусунда эмне тууралуу сөз болгонун "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Садыр Жапаров анда президент болуп калышына экс-президенттердин эч кимисинин тиешеси жок экенин, аны карапайым эл бийликке алып келгенин баса белгилеген.

"Мен сөз баштадым: "Урматтуулар, негизги сөзгө өтөрдөн мурда сиздерге бир нерсени айтып коёюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле "Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды" деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду.

Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла" дедим. Албетте, жок дешти. Кыскасын айтсам, "ушул жерде отурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок.

Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар.

Сидерди чогулткан себебим бирөө эле - ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл “баланчаевчи, түкүнчөевчи” болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле, бир эле кыргызстандык бололу. Көрүп турасыздар, дүйнөдө акыбал начар болуп турат. Кыргызстан эми гана бутубузга туруп келатабыз. Былтыр экономикабызда жакшы жылыштар болду. Быйыл андан да жакшы болот. Эмдиги жылы андан беш бетер болот. Кылымдын долбоору болгон темир жол, ири ГЭСтерди куруу иштерин баштадык. Ушундай ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек. Ошондо Кыргызстандын келечеги кең болот. Күчтүү мамлекет болобуз, Кудай буюрса", - дедим.

Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, “ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели” деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти", - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан.

Мамлекет башчысынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Antiradikal12
2023-02-21 13:59:00
Аферист... Суйлосон эле оозундан чан чыгат да. Элдин баарын тупой ойлойсунбу, лапша илсем ишене берет деп? Башканы коюп Кемпирабадды эмне учун саттын? Мына ушул суроого жооп берчи?!
0
Омурзак
2023-02-21 14:35:00
Antiradikal12сен кандай адамсын качан болсо президенттин артынан суйлойсун сен учун ким идеальный адам ким президент болушу керек босмос экоон кандай адамсынар эч тушунбодум.эмне мынча жашоонорго нааразы болосунар ичинер толгон токой грязь окшойт эч бир жакшы комментарий жазганынарды корбодум эшектин баласы
+1
bosmos77777
2023-02-21 15:08:00
Биз Эл нааразы Аксы окуяларын унутпайт Эл. Туура эмес менчиктештирууну , Ак уй астындаагы окуялар. Булар жетиштуу болуш керек. Эл нааразы чындыгында. Кымбатчылык, кайдигерчилик, Эл корсун жумуштар болгону. Кемпир суу сактагычты сактайлы шашылбай карайлы дегенге болбой. Муунтуп ,камап туруп. Шашылыш берди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан