Жалал-Абадда кооптуу аймактарда жашаган тургундар көчүрүлөт

Жалал-Абадда кооптуу аймактарда жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунда Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү, сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.
Аталган үй-бүлөлөргө ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнын офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз жерге көчүрүү аракеттери жүрүүдө.
Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып, бирок коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп сот органдарына өткөрүп берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан