Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам үчүн ачылган атайын эсепке 55 миллион 757 миң 825 сом жана 14 миң 400 рубль чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бүгүн, 21-февралдагы маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";
Эске салсак, буга чейин Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган болчу.