Баткенде куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен чек ара отрядынын жоокери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирмеге ылайык, окуя бүгүн, 21-февралда орун алган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, чек ара заставасынын өздүк курамын алмаштыруу учурунда 25 жаштагы аскер кызматкери З.Ж.нын Ак-74 автоматы кокустан атылып, ок 22 жаштагы жоокер У.Б.нын мойнуна тийген. Ал Баткен облустук ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүүгө карабастан алган жаракатынан улам көз жумган.
Аталган факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти", - деп жазылган маалыматта.