Быйыл республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков бүгүн, 21-февралда 2022-жылы мэрия тарабынан аткарылган жумуштардын отчётун берип жатып билдирди.
Мэриянын маалымат борбору билдиргендей, калаа башчынын отчётун шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары укту.
"Шаар мэри Ормоков Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү максатында 2023-жылга республикалык бюджеттен 2 миллиард сом акча каражаты бөлүнүп жатканын белгилеп, ага сунушталган долбоорлорду тааныштырып, элге кенен маалымат берди.
Жыйындын калган бөлүгү суроо-жооп иретинде улантылды. Ошондой эле шаар тургундары тарабынан айтылган суроо-сунуштар боюнча жетекчилерге тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.