Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт, 1,5 миллион гүл отургузулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, бул багытта иштер башталып, кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ата-Түрк паркына 40 түп ак кайың көчөтүн отургузган.
"Быйыл шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Анын алкагында 1,5 миллионго жакын гүл, анын ичинде 10 миң жоогазын отургузула турганы айтылды.
Ошондой эле "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы тарабынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 түп бадал көчөттөрүн тигүү пландалууда. Аны менен катар муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан 10 миң түптөн ашуун дарак отургузулмакчы.