Муфтият медреседе бала сабалды деген окуяга байланыштуу билдирүү таратты

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Ошто медреседе сабалган 12 жаштагы баланын окуясына байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Билдирүүдө муфтият аталган окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүп жаткандыгы айтылат.

Мындан сырткары муфтияттын карамагында бала сабалды делген Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы "Рауза" атындагы медресе жок экени белгиленди.

"Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2023-02-22 14:43:00
Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан