Бишкек шаарына 250 көчөт отургузулду

Борбор калаабыз Бишкекте кышкы көчөт отургузуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын багбандары жабык тамыр тармактары менен ийне жалбырактуу көчөттөрдү Чолпон-Ата көчөсүнүн боюна, Туңгуч кичи районунун сейил багына, Тынчтык, Чүй проспектерине, Бишкек баатыр эстелигинин алдына отургузду.

Жалпы 250 даана жаңы көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, көчөт отургузуу планы боюнча быйыл шаарыбызга 15 000 көчөт тигилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан