Кара-Буура мындан ары Чыңгыз Айтматов району деп аталат

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айрым айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору парламентте үч окуудан өттү.
Жыйынтыгында каттоодон өткөн 74 депутаттын 68инин колдоосу менен кабыл алынды.
Мыйзамга ылайык, мындан ары Кара-Буура району Чыңгыз Айтматов району, Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы, Кара-Буура районундагы Чимгент айылы Чолпонбай айылы, Ноокат районундагы Борбаш айылы Кайрагач айылы деп аталат.
Андан тышкары, жыйында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда талкууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан