Блогер Хасбик миллион доллар кирешеси тууралуу кабарды эмоционалдуу кабыл алды

Хасбик деген каймана ат менен белгилүү болгон 20 жаштагы дагестандык блогер Хасбулла Магомедов долларлык миллионер деген маалыматка жооп кайтарды.

Буга чейин Forbes басылмасы блоггердин миллиондогон кирешеси тууралуу жазган.

"Хасбулла Магомедов 2019-жылы популярдуу боло баштаган. Үч жылдын ичинде бою 93 сантиметр болгон жыйырма жаштагы жигит UFC менен беш жылдык келишим түзүп, дүйнөлүк жылдызга чейин айланган. Forbes журналынын маалыматы боюнча, Магомедов мынчалык кыска убакытта кеминде 2 миллион 200 миң доллар таба алган. Ал муну кантип ишке ашырды?", - деп жазылган басылманын Instagram'дагы расмий баракчасында.

Бул билдирүүнүн алдына Хасбик эмоционалдуу пост жазды. Анын билдиришинче бул чындыкка дал келбейт.

"Мен сиздерге каршы билдирүү жаза алам, анткени сиздер бул жерде адамдарга туура эмес маалымат берип жатасыздар. Бул билдирүүнү жазган адам жөн эле койчу, элдерди адаштырбагыла", - деп жазды Хасбик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kich20
2023-02-23 03:20:00
3 жылдын ичинде бою 93см болгон 20 жаштагы жигит автор озунор тушундунорбу
0
Kuluch78
2023-02-23 09:37:00
Kich20, ушул бала ото катасы коп жазат, супер инфодо текшеруучулор жок окшойт бардык баяндамасы ката менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан