Зыяратчыларга "Ажылык пакетин" сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Зыяратчыларга ”Ажылык пакетин" сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Муфтияттын маалыматына ылайык, ажылык сапарга баруу үчүн буга чейин банкка 1 миң доллар төлөп электрондук кезекке турган жана ыңгайлуу шарты бар "Ажылык пакет" алууну каалаган жарандар 28-февралга чейин "РСК" Банкына кайрылып, 5 миң доллар төлөшү керек.

Ыңгайлуу шарты бар ”Ажылык пакет” алуу мүмкүнчүлүгү алгачкы ирет түзүлүп жатканы кошумчаланды. Анда зыяратчылар өздөрү каалаган мейманканага жайгашуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Буга зыяратчылардын өтүнүчү себеп болгону айтылат.

Толук маалымат алуу үчүн 0778 486 167 0(312) 486 167 номурлары аркылуу байланышууга болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүнгөн. Учурда ажылык сапардын баасы канча болору белгисиз, былтыр сапардын баасы 4,5 миң доллар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан