Түркияда жер титирөө: Толугу менен зыянга учураган Нурдагы шаарынын мэри кармалды

Түркияда укук коргоо кызматкерлери тарабынан февраль айында өлкөдө болгон жер титирөөдө имараттардын жапырт кулашы үчүн айыпталып жаткан Газиантептин Нурдагы районунун мэри Оккеш Кавак кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кавак жер титирөө учурунда имараттардын массалык урап калышына тиешеси бар.

Мэр өзүнүн билдирүүлөрүнүн биринде кызматка келгенге чейин курулуш компаниясында подрядчы болуп иштегенин, кийин аны иниси Осман Кавакка өткөрүп бергенин айткан. Ошол эле учурда Нурдагыга жетекчи болуп келгенден кийин керектүү текшерүүлөрдү жүргүзгөн эмес.

Буга чейин Түркияда кулаган имараттардагы кемчиликтерден улам 8 киши камакка алынгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2023-02-27 00:38:00
Колу менен жасаган ишин башы менен тартсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан