
Жергиликтүү багбандарды колдоо максатында Кыргызстанга алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
"2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 6 миң 438 тонна алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы жылдык импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Ошол эле мезгилде алманын экспорту 10 миң 779 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 13,3 пайызга азайды",- деп белгиленет маалыматта.