"Тоскоолдук кылсам Канадага кетүүгө даярмын". Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровдон ырайым сурады

Абакта отурган Теңгиз Бөлтүрүк өлкө башчы Садыр Жапаровдон ырайым сурап кат жазды.

Теңгиз Бөлтүрүк катты 14-февралда жазган. Анын катын жактоочусу Кайсын Абакиров бүгүн, 27-февралда жарыялады.

Теңгиз Бөлтүрүктүн президентке жазган каты:

"Кадырлуу Садыр мырза! Менин алдымда сиз койгон милдеттерди жана жоопкерчиликти толугу менен канааттандыргыдай аткара албай койгонума сизден чын жүрөктөн кечирим жана ырайым сураймын.

Жумасына 75-80 сааттан иштесең да баары бир толук Кумтөрдүн жана "Улуттукхолдингдин" иштерин, кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм. 20 жылдан ашык Кумтөрдө терең жана жакшы уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок сизге мен сөз бергендей, өзүм ошол схемаларга аралашкан жокмун. Пара алган жокмун жана сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылган жокмун жана эч качан кылбайм.

Азыр сиз гана менин адилеттикке жана ырайымдуулукка үмүтүмсүз жана ишенимимсиз. Эгерде дагы эле мага ишенсеңиз, сизге чынчыл жана ишенимдүү түрдө жардам берүүгө даярмын. Колумдан көп, чоң жакшы нерселер келет. Эгер мен өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын.

Азыр баары Кудайдын жана сиздин колуңузда, өзүңүз туура чечим кабыл аласыз деп ишенем", - деп жазган Теңгиз Бөлтүрүк.

Эскерте кетсек, Теңгиз Бөлтүрүк 13-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHAHDAR
2023-02-27 12:25:00
Кыргыз элинен кечирим сурашы керек!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан