Казакстанда поезд 30дан ашык жылкыны тебелеп кетти

Акмола облусунда жүк ташуучу поезд үйүр жылкыны сүзүп кетти. Мындай маалымат Казакстандын ички иштер министрлигинин телеграм каналына жарыяланды.

25-февралда Көкшетау-Жамантуз станциясында жүк ташуучу поезддин машинисти темир жолдо жылкылар тургандыктан авариялык тормозду баскан. Кагылыштын алдын алууга мүмкүн болбой, натыйжада 32 жылкыны поезд тебелеп кеткен.

Поезд 50 мүнөткө жакын токтоп турган.

Жыйынтыгында жылкылардын ээсине айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан