Түркияда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталды

Түркияда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жер силкинүү бүгүн, 27-февралда саат 12:04төр чамасында Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда болду.

Маалымдалгандай, кыйраган имараттар бар жана издөө-куткаруу топторунун ишке киришкени айтылды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркияда очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган.

Анын кесепетинен 42 310 адам каза болгон. Жаракат алгандардын саны 70 миңден ашуун. Ошол эле учурда 1,6 миллион адам үй-жайсыз калып, 44 818 адам эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан