Америкалык лидер Жо Байдендин учурдагы абалы АКШ үчүн коркунучтуу. Бул тууралуу 27-февралда Ак үйдүн мурдагы дарыгери Ронни Жексон өзүнүн твиттердеги баракчасында билдирди.
"Байден биздин башкы командачыбыз экени биздин өлкө үчүн коркунучтуу. Ал бир нече убакытта кайда экенин жана эмне кылганын унутуп калат. Ал муну менен бизди Орусия жана Кытай менен жалпы согушка жакындатып жатат", - деп жазган Ак үйдүн экс-дарыгери.
Ал ошондой эле америкалык лидердин мындай иш-аракеттеринен адамдар өлүшү мүмкүн экендигин белгилеген.
Жо Байдендин кызыктай дагы бир окуясы 22-февралда болгон. Анда Байден Варшавадан кетип жатып, учакка отурарда чалынып жыгылган. Ал кайра туруп, аны узатып жаткандарга кол булгалаган.