Эрдоган Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардан кечирим сурады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн кийин куткаруу иштеринин кечеңдеши үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты. Эрдоган Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн эң чоң зыян тарткан Адияман провинциясына барганда эл алдында кечирим сураган. "Жер титирөөнүн кыйратуучу таасири жана аба ырайынын начардыгынан улам Адияманда алгачкы күндөрү көздөгөндөй иштей албадык. Бул үчүн кечирим сурайм", - деген Эрдоган. Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында бир нече сааттын ичинде эки жолу катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен 40 миңден ашуун адам каза болгон. Эрдоган өз кезегинде оппозициянын сынына кабылып, бир нече саясатчылар өлкөнүн мындай чоң табигый кырсыкка каршы турууга даяр эместигин белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан