Бишкектин борборунда өзүнө-өзү өрт койгон жаран ооруканада каза болду. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Ал алган күйүгүнөн улам бүгүн, 1-мартка караган түнү каза болгон.
Кечээ, 28-февралда саат 15:50лөр чамасында Бишкектеги Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылганы тууралуу милициядан билдиришкен.
Ал 1979-жылы туулган үй-жайы жок А.Р. аттуу жаран экени аныкталган. Аталган жаран оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.