Депутат Козуев Кытайга виза бергендер 1500 доллардан пара алып жатканын айтты

Кытайга виза 1500 доллардан сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Кытайга кирүү үчүн миңдеген жарандар электрондук кезекте турушат.

"Алды 1 жарым айдан бери кезек күткөндөр бар. Акыркы күндөрү электрондук кезекке дагы кире албай жатышат. Ортодо 3-4 кишинин кызыкчылыгынан улам виза маселеси өтө чоң коррупцияга айланды. Бир жарым айдан бери кезеги жетпеген жарандарга, эгер 1000 доллар берсе бир аптанын ичинде, 1500 доллар берсе 3 күндүн ичинде даярдап берип жатышат. Ал жерде карапайым айдоочулар кыйналып жатышат", - деди Козуев.

Ошондой эле ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жогорку Кеңеш 01.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан