Төрага Шакиев мектепте үчүнчү класска чейин кыргыз тилин гана окутууну сунуштады

Мектептерде сабактардын саатын кыскартуу керек . Мындай пикирди бүгүн, 1-мартта парламенттин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Төрага 25 окуу сабагы өтө эле көп экенин белгилеп, өнүккөн өлкөлөрдө сабактын саны бизден эки эсеге аз экенин кошумчалады.

"Мектептен тарта жогорку окуу жайларына чейин окутуу ыкмасын толугу менен өзгөртүш керек. Советтик билим берүү системасын мактагандарга мен кошулбайм, аябай татаал. Биздин мектептерде 8 жыл окуганына карабай орус тилин да, англис тилин да жакшы сүйлөй албайт. Ошол эле маалда 3-6 ай курстарга баргандар кадимкидей сүйлөп калышат", - деди Шакиев.

Ошондой эле ал үчүнчү класска чейин бардык чет тилдерин алып салып, бири гана кыргыз тилин окутуу керектигин айтты.

"Антпесек, биздин кийинки муун кыргыз тилин билбей калат. Бул өтө чоң коркунуч. Мындай практика дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдө да бар. Ушул маселени колго алыш керек", - деди төрага.

Жогорку Кеңеш 01.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан