Садыр Жапаров Балыкчыдагы аскердик машыгууга көз салды (фото)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы полигонунда пландалган тактикалык машыгууларга көз салды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Машыгуулардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет жакадагы жана калктуу конуштагы мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү бөгөт коюп, жок кылуу боюнча көрсөтмөлүү практикалык аракеттери чагылдырылды.

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө 200гө жакын өздүк курам, 30га чейин автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана минометтук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника тартылган.

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда практикалык көндүмдөрдүн жана аскердик чеберчиликтин, аракеттердин ырааттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан