Борбордо таштанды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт куруу пландалууда

Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт курууну пландоодо. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасы экологиялык активисттер менен биргеликте Бишкек шаарында орнотулган таштандыларды сорттоочу жаңы пункттарда таштандыларды сорттоого көмөктөшүү иштерин жүргүзүүдө.

"Экологиялык активисттер шаардыктарга таштандыны сорттоо ар бирибиз үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүрүүдө. Бөлүнгөн абалда таштандынын компоненттери жаңы товарларды өндүрүү үчүн экинчи сорттогу сырье болуп саналат. Мисалы, пластмасса, айнек, металл эритилип, кайра өндүрүшкө сырье катары кайтарылат. Ошондой эле кагаз, текстиль майдаланып алардын буласынан буюмдар жасалат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде Бишкек Парк соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
udoqawje
2023-03-02 22:03:00
- - - -
0
yudau
2023-03-02 22:44:00
Айлана таза болушу керек...
0
jam77
2023-03-02 23:55:00
...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан